13- Июнь 1982 -жылы
Сауд Арабиянын 4-падышасы Халид ибн Абдел каза болгон
Ысымы Эр-Рияддагы эл аралык аэропортко берилген Сауд Арабиянын 4-падышасы Халид ибн Абдел 70 жашында жүрөк оорусунан каза болгон.
Халид ибн Абдел Сауд Арабияны 1975—1982-жылдары башкарган. Ал 1965-жылы агасы мураскор болуудан баш тартканда мыйзамга ылайык канзаада болуп калган. Такка отурганча БУУда иштеген. Анын башкаруусунда өлкөдөгү азыркы инфраструктура түзүлүп, саламаттык сактоо системи жакшыртылган. Ошондой эле ал АКШ менен сырткы саясат байланышын чыңдаган.