Бул ыры PSY болжол менен 1,1 миллиондой доллар киреше тапкан. Корей ырчысынын бул клиптеги бийин бийлеп флешмоб жасаган жаштар миңдеп саналган. Бул клиптен соң гангнам стилинде бийлеген атактуулар да пайда болгон. Алардын тизмесинде БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун, америкалык ырчы Бритни Спирс, актёр Хью Жекман, "Spise girls" тобунун мурдагы ырчысы Мел Би, орус ырчыларынан Тимати жана башкалар бар. Ырчы Кети Перри да бул ыр менен "ооруп", бийине кызыгып жүргөнүн жашырган эмес.
Гангнам сөзүнүн мааниси Түштүк Кореяда коомдун эң жогорку катмары, тактап айтканда, элитасы деп түшүндүрүлөт. Сеулдун түштүк-чыгыш бөлүгүндө Каннамгу деген район бар. Ал райондо жалаң ак сөөктөр, атактуу адамдар, бай чет өлкөлүктөр жашашат.