Союздук Конституцияны өзгөртүү демилгеси Н.С.Хрущевдин башкаруу мезгилинде жасалып, кыргызстандык бийлик өкүлдөрү Москва Кремлинде өткөн жыйынга катышкан. Конституциялык жыйынды Н.С.Хрущев өзү жетектеп, анда Баш мыйзамга жалпы референдум өткөрүү жобосу менен союздук республикалардын укугун жогорулатуу маселелери каралган. Бирок Н.С.Хрущевдин бир канча ай өтпөй Коммунисттик партия биринчи катчылык кызматынан алынганына байланыштуу Конституцияны түзөтүү иштери жокко чыгарылган.