Орусиялык "Пицца" тобунун ырчысы Сергей Приказчиков Уфа шаарында музыканттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Сергей Приказчиков – дасыккан гитарист. Ал музыкалык мектепти, андан кийин жогорку музыкалык окуу жайдын гитара бөлүмүн бүтүргөн. 14 жашында ырларга текст, обон жаза баштайт.