Кыргыз атчандар кавалериясы экиге бөлүнүп машыгуу ишин башташкан. Биринчи топ Фрунзеден чыгып, Воронцовка айылын көздөй бет алса, экинчи топ Лебединовка айылында топтолушкан. Кыргыз атчандар кавалериясы бир эле убакта аскердик-тактикалык машыгуу менен бирге, Советтер союзунун коргоо мүмкүндүгүн чыңдоо боюнча үгүт иштерди жүргүзгөн. Мындан тышкары бирикме өлкө аймагында күч алган басмачылык кыймылга каршы аскердик даярдыкты арттырууну көздөгөн.