РСФСР Элдик комиссарлар кеңеши Түркстан Советтик мамлекетине жардам көрсөтүлөрүн кабарлаган телеграмма жөнөткөн. Телеграммага В.И.Ленин кол коюп, анда революциялык өзгөрүүлөргө байланыштуу тамак-аш тартыштыгы чыгып, контрреволюциячыл күчтөр аны өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жаткандыгы жана аны жоюу үчүн Совет бийлиги чукул чара көрө тургандыгы кабарланат.