Фергана облустук аскер командачысы, генерал-майор М.Д.Скобелевдин Алай тиреши туурасындагы рапортунда, орус аскерлери Оштон чыгып, жортуулга аттанганы кабарланган. Орус аскерлери менен кошо жүрүшкө Шабдан баатыр жигиттери менен катышкандыгы жана ал олжодон баш тартып, эрдиги, жүрүм-туруму, үлгүлүү кызмат өтөгөндүгү туурасында айтылган.