18- Июль 1992 -жылыУитни Хьюстон рэп ырчысы Бобби Браун менен баш кошкон
Уитни Хьюстон 1989-жылдан тартып рэп ырчысы Бобби Браунду болочок жолдошум деп жар салып, үч жылдан кийин 1992-жылы 18-июлда эки жылдыз баш кошушкан. Ошол күндөн тартып Бобби Браун күн санап баңгизаттарына болгон кызыгуусун күчөтүп, анын айынан ырчы бир ирет эне болуу бактысынан ажырап, экинчисинде гана Кристина Браун аттуу кыздуу болгон. Кийин күн санап ырчы жубайына кол көтөрүүсүн көбөйтүп, Уитнинин денесинде көк ала көбөйө берген. Браундун буга чейин үч ирет үйлөнүп, үч баласы бар экендиги да кийинчерээк ачыкка чыккан. Түшүнбөстүк, кол көтөрүү, кыйноолордун жыйынтыгында жубайлардын экөө тең баңгизаттарын ачык эле колдоно башташкан. Акыры 2006-жылы күзүндө Уитни Хьюстон ажырашууга арыз берген.