“Азия MIX” КВН командасынын оюнчусу, "Большие люди" долбоорунда каардуу Баха братандын ролу аркылуу белгилүү болгон Ренат Тентимишов Фрунзе шаарында туулган. Немис тилин тереңдетип окуткан №23-гимназияны аяктаган соң Америка университетине (азыркы Борбор Азиядагы Америка университети) өткөн. Университетти аяктагандан кийин Башкаруу академиясынын (АУПКР) мамлекеттик башкаруу факультетине тапшырган. Аны бүтүп банкта бир жылча иштеп, кийин "Азия Микс" КВН командасына кошулган. Андан сырткары "Общага" телесериалынын сценарийин жазууга катышып, тасмада роль жаратууга да жетишкен