19- Июль 1980 -жылы
Москвада XXII Жайкы олимпиадалык оюндар башталып, анда кыргыз спортунун тогуз өкүлү СССР өлкөсүнүн намысын коргогон
Москвада XXII Жайкы олимпиадалык оюндар башталып, анда кыргыз спортунун тогуз өкүлү СССР өлкөсүнүн намысын коргогон. Алар: Каныбек Осмоналиев, Александр Мелентьев, Татьяна Колпакова, Александр Блинов, Сатымкул Жуманазаров, Александр Абушахметов, Леонид Дунаев, Николай Чернецкий жана Марина Сысоева. Кыргызстандыктардан алтын медаль боюнча алгачкы эсепти мергенчи, тапанча менен 50 метр аралыкка ок атууда А.Мелентьев баштап берген. Ал 581 упай топтоп дүйнөлүк рекорд жараткан. Ал эми оор атлетчи Каныбек Осмоналиев 52 кг чейинки салмакта чемпион болгон. Узундукка секирүүдө Татьяна Колпакова 7 метр 06 см. көрсөткүчү менен олимпиадалык рекорд жараткан. Ат спортунан А.Блинов командалык эсепте чемпион аталса, жеке мелдеште 2-орунду ээлеген. Жөө күлүк Н.Чернецкий 4х100 метрге эстафеталык жарышта жеңүүчү болгон. С.Жуманазаров болсо марафондук жарыштан советтик спортчулардын арасында биринчи жолу 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынгандыгы менен тарыхта калган. А.Абушахметов менен Л.Дунаев фехтованиеден командалык эсепте 3-орунду камсыз кылышкан. Бийиктикке секирүүдөн М.Сысоева байгелүү 5-орунга илинген.
Ошентип, 9 спортчу 5 алтын, 1 күмүш жана 3 коло байге утуп Кыргызстандын атын даңазалашып, Олимптин туусун багындырышкан.