19- Июль 1980 -жылы
Москвадагы XXII Жайкы олимпиадалык оюндар башталган
Москвадагы XXII Жайкы олимпиадалык оюндар башталып, 3-августка чейин уланган. Олимпиадалык оюндардын тарыхында биринчи жолу чыгыш Европанын аймагында жана биринчи ирет социалисттик өлкөдө өткөндүгү менен эсте калган. 1979-жылы советтик аскерлердин Ооганстанга киргизилишин катуу сынга алган айрым өлкөлөр АКШ баш болуп, 17 өлкөнүн спортчулары Москва олимпиадасына келүүдөн баш тартышып, бойкот жарыялашкан. Бирок ошого карабастан дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнөн 5 миңден ашык спортчулар келип, спорттун 21 түрү боюнча жарышка түшүшкөн. Спорттун айрым түрлөрү боюнча мелдештер СССРдин ар кайсы шаарларында өткөрүлгөн. Парус регатасын Таллин кабыл алса, футболдук турнир Киев, Ленинград, Минск шаарларында өткөн. 14 күндүн ичинде беш континенттен келген олимпиадачылар 36 дүйнөлүк, 39 европалык жана 74 олимпиадалык рекорддорду жаңыртышкан. Командалык эсепте СССРдин командасы 80 алтын, 69 күмүш, 46 коло медалдар менен 1-орунду ээлеген.