2002-жылдан баштап 20-июлда паркур күнү белгиленет. Паркурдун тарыхынын башталышы Жорж Герберт (1875-1957) деген ысым менен байланыштуу. Ал аскер деңиз флотунда кызмат өтөп, көп өлкөнү кыдырган адам болгон. Африкага жасаган сапары учурунда аборигендердин өзгөчө бир ыкмаларды колдонуп, шамдагайлык менен бактан бакка секирип жүргөндөрүн байкап, таң калат. Анан ошол көргөн ыкмаларын француз аскерлерине үйрөтүп баштаган.