Америкалык актёр Робин Уильямс Чикаго шаарында туулган. Ал Джуллиард драмалык мектебин аяктаган. Көпчүлүк аны комедиялык актёр катарында "Ойгонуу", " Адамс багыты", "Август Раш", "Өлү акындардын коому", "Саламатсыңбы, Вьетнам" аттуу тасмалардагы ролдору аркылуу тааныган. Баардыгы болуп 300 жакын тасмаларга тартылган. Американын киноискусство академиясы 1998-жылы эң мыкты эркек ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын тапшырган. ( "Акылдуу Уилл Хантинг", 1997-жыл). Ал эми "Алтын глобус" сыйлыгына 5 жолу татыктуу болгон. Голливуддагылар жана актёрдун көпчүлүк күйөрмандары аны "Комедиянын падышасы" деп атап келишкен.