21- Июль 1969 -жылы Орус эстрада ырчысы Авраам Руссо туулган
Орус эстрада ырчысы Авраам Руссо Сирияда туулган. Ал эң алгач эл алдына Туркиянын "Тиkи Воуs" ансамблинин коштоосунда ырдап чыккан. Анан Англия, Испания, Франция, Швеция, Африка, Араб Эмираттарынын престиждүү клубдарында иштеген. Ырчылык өнөрдү нөлдөн баштоону ылайык көргөн Руссо 1997-жылы Тельман Исмаилов аттуу бизнесменди ээрчип, Москвага келе берген. Алгач "Прага" ресторанында келишим менен иштей баштаган. Алгачкы орус тилиндеги ыры "Далеко-далеко". Андан соң "Tonight" альбомун чыгарган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан