8- Февраль 2007 -жылы
америкалык фотомодель жана актриса Анна Николь Смит каза болгон
Америкалык фотомодель жана актриса Анна Николь Смит каза болгон. "Плэйбой" журналынын 39 жаштагы популярдуу жылдызы Анна Николь Смиттин жансыз денеси Флорида штатындагы кайсы бир шаардагы мейманканалардын биринен табылган. Айрым маалыматтарда Анна Николь Смит ашыкча өлчөмдө баңгизатын колдонгондон улам дүйнө салганы айтылса, айрымдарында оорудан улам көз жумган дешет.