21- Июль 1847 -жылы
Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн чаткалдык кыргыздардын жетекчиси Момун Шамурзаков жана башка кыргыз уруу башчылары биригүү туурасында макулдашкан
Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн чаткалдык кыргыздардын жетекчиси Момун Шамурзаков жана башка кыргыз уруу башчылары биригүү туурасында макулдашкан. Тарых маалыматтарына караганда, чаткалдык кыргыздар Кокон бийлигинин эзүүсүнө жана адилетсиз саясатына каршы көтөрүлүшкөн. Алар бул убакта Чаткалга чогулушуп, күчтү бир жерге топтоп, хандыкка каршы биригип аракет жасоо туурасында келишимге жетишкен.