22- Июль 2013 -жылы Улуу Британиянын ханзаадасы Уильям уулдуу болгон
Улуу Британиянын ханзаадасы Уильям уулдуу болгон. Кейт Миддлтон Лондондогу Ыйык Мария төрөт үйүндө көз жарып, ымыркайдын салмагы 3 килограмм 800 грамм болгон.  
"Кейттин толгоосу башталыптыр" дегенди уккан эл төрөт үйүнүн астына топтолуп, мураскердин жарыкка келишин күтүп турушкан. Ал тургай жаңы төрөлгөн баланын урматына Лондондун негизги аянтында турган жоокерлердин кийими, басканына чейин алмашып, эң белгилүү "Күн" журналы бир күнгө атын "Уул" кылып өзгөрткөн. Ошондой эле мураскердин урматына 102 замбиректен ок атылып, жалпыга жар салынган. Ымыркайга Жорж Александр Луи деген ысым ыйгарылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан