2010-жылы оппозиция өкүлдөрү Бакиевдин отставкасын талап кыла башташкан. 7-апрелдеги митинг куралдуу кагылышка алып келип революцияга айланган. Апрель окуясынын катышуучулары Ак Үйдү басып алгандан кийин Бакиев борбордон Жалал-Абад облусуна качууга мажбур болгон.
2010-жылы 19-апрелде Беларусь президенти Александр Лукашенко ага башпаанек берип, Бакиев Кыргыздан чыгып кеткен. Ошол мезгилден бери аталган өлкөдө жашап келет.