Ош уездине караштуу Үч-Коргон айылында калк козголуп, аскерге кишилерди бербейбиз деген чакырык менен болуштук башчынын үйүн курчоого алышкан. Падышалык бийликтин саясатына каршы чыккан үч-коргондуктар болуштан аскерге чакырылгандардын тизмесин тартып алууга аракет жасашкан.