24- Июль 2003 -жылы Кыргыз фармакологу, токсикологу жана котормочу Абдулхай Алдашев каза болгон
Кыргыз фармакологу, токсикологу жана котормочу Абдулхай Алдашев 85 жашында каза болгон. Ал 1918-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор айылында туулган. 1939-жылы Кыргыз Айыл Чарба Институтун бүтүргөн. Абдулхай Алдашев ветеринария илимдеринин доктору (1965), профессор (1966), Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, ошондой эле Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ветеринардык врачы (1974), Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү. Абдулкай Алдашевич  2-даражадагы Ата Мекендик Согуш, "Кызыл Жылдыз", эки "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган. 500дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 20 монография, 11 ойлоп табуунун, 2 окуу куралынын автору. Анын жетекчилиги менен илимдин 10 доктору, 20 кандидаты диссертацияларын жактаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан