30- Июль 1974 -жылы
Америкалык актриса Хилари Суонк туулган
Америкалык актриса, “Оскар” сыйлыгынын эки жолку жана "Алтын глобус" сыйлыгынын ээси Хилари Суонк Небраска штатындагы Линкольн шаарында туулган. Алгачкы жолу 9 жашында "Жунгли китеби" мектеп театрында Мауглинин ролунда сахнага чыккан. Бул ролдон кийин ал көптөгөн телеберүүлөрдө эпизоддордо тартыла баштаган. Анын биринчи чоң ролу 1994-жылы "Кийинки жигит-каратист" аттуу тасмасында болгон. Ал төрт жыл өткөн соң гана "Беверли-Хиллз, 90210" популярдуу жаштар сериалында жалгыз бой эненин ролунда байкалган. Бул сериалдан кийин Кимберли Пирстин "Жигиттер ыйлабайт" аттуу тасмасында тартылган. Дал ушул ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын алган. Хилари Суонк "Миллионго бааланган балакай" (Малышка на миллион), "Кара орхидея" (Чёрная орхидея), "Орок маалы" (Жатва), "Эркиндик жазуучулары" (Писатели свободы) аттуу тасмаларында ийгилик жарата алган.