29- Июль 2003 -жылы
Драматург, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бакы Өмүралиев каза болгон
Белгилүү драматург, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бакы Өмүралиев 71 жашында дүйнөдөн кайткан. Бакы Өмүралиев Жумгал районуна караштуу Жаңы-Арык айылында 1932-жылы туулган. Ал Ташкенттеги Островский атындагы Театралдык институттан билим алып, Кыргыз драма театрында, "Кыргызфильм" киностудиясында, Республикалык куурчак театрында иштеп, Кыргызстан жазуучулар кошуунунда, Театр ишмерлер коомунда жооптуу кызматтарды аркалаган. Б.Өмүралиевдин "Тагдырдын өгөй балдары", "Жаңырык", "Ата сөзү – ар-намыс" жана башка ондогон драмалык чыгармалары Кыргыз өлкөсүндөгү бардык театрларда коюлган.