Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков 1977-жылы 29-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1999-жылы Кыргызстан Эл аралык университетин аяктаган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. "Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси" дипломатиялык рангы бар. 2016-жылы июнь айында Кыргыз мамлекетинин улуттук кызыкчылыктарын коргоого кошкон салымы үчүн 2-даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.
Эмгек жолу:
1999-2003-жылдары Кыргызстан Эл аралык университетинде окутуучу;
2003-2007-жылдары 3-катчы, 2-катчы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин бөлүм башчысы;
2007-жылдын апрель-август айлары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
2007-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы;
2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин коммуникациялар кызматынын жетекчиси;
2010-жылдын апрель-август айлары Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы;
2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
2011-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басарынын рангында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
2017-жылдын март-август айлары - президенттин аппарат жетекчиси;
2017-2018-жылдары - премьер-министр;
2018-жылдын 19-апрелинде Жогорку Кеңеш Сапар Исаков баштаган өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Президент бул чечимге кол коюп, өкмөттү отставкага кетирген.