31- Июль 1964 -жылы Немис ырчысы Си Си Кетч туулган
Немис ырчысы Си Си Кетч Голландиянын Осс шаарында төрөлгөн. 80-жылдардын диско-ырчысына айланган атактуу ырчы айым Си Си Кетчтин чыныгы аты – Каролина Катарина Мюллер. Атасы Юрген улуту немис, ал эми апасы Корри Нидерландиянын жараны болгон.
1985-жылы Каролинаны жаш артисттер конкурсунда белгилүү немис продюссери, “Модерн Токинг” тобунун жетекчиси Дитер Болен биринчи ирет көрүп, чогуу иштешүүнү сунуштайт. Ушул эле жылы келишимге кол коюшуп, жаңы түзүлгөн топтун атын “Си Си Кетч” деп аташат. “С”, “С” – ырчынын атынын баш тамгалары, ал эми “Catch” болсо “хит идея” деген сөздүн синониминен алынган. 1985-жылы жайында Каролинанын туулган күнүнө карата топтун эң алгачкы "Жүрөктү жоготуу" деген аталыштагы ыры жарыкка чыккан. 1986-жылы Каролинанын аткаруусундагы экинчи "Анткени, сен жашсың" ырын толук дүйнө жүзүнүн элдери сүйүп уга башташкан. Ушул ырынан кийин гана күйөрмандар Каролинанын жүзүн көрүп, атын уга алышкан. Анткени, бул ыр жазылган пластинка, өзүнүн сүрөтү менен чыккан. Ушул эле жылы топтун "Кетчти карма" аттуу алгачкы альбому жарык көрөт. 1986-жылдын экинчи жарымында "Түнкү жолоочу", "Жүрөктү жаралаган отель" аттуу ырлары бири-биринин артынан хитке айланып, Каролинага "Диско ханышасы" титулу ыйгарылган. Экинчи альбому "Жүрөктү жаралаган отельге кош келиңиз!" деп аталып, ага "Бейиш жана тозок" деген жаңы ыры кирген. 1987-жылы "Эрсиңби?" деп аталган жаңы ыры, андан кийинки "Жан сактагыч" деген чыгармасы Си Си Кетчтин күйөрмандарынын санын көбөйтүүгө чоң салым кошкон. Ал эми "Чоң майрам" альбому Дитер экөөнүн чогуу чыгарган акыркы чыгармасы болгон. Бирок, 89-жылдын аягына чейин экөө алыстан иштешип жүрүшкөн. Андан кийин биротоло кол үзүүгө туура келген. Каро башка продюссерлер менен жаңы мамиле түзө баштаганын угуп, Дитер өзү койгон Си Си Кетч псевдонимин колдонууга тыюу салган. Андан кийин ырчы өз аты менен чыкса да, эл үчүн Си Си Кетч бойдон кала берген. Кийинки чыгарган "Айтканымды ук" альбому мурункудай популярдуулукка жеткен эмес. Ал эми 90-жылдардан кийин ырчы Каролина дүйнөгө сапарын баштаган. Бирок, андан бир жыл өтпөй белгисиз себептердин айынан сахнадан кетип калган. Баарыбир күйөрмандарынын жүрөгүнүн түпкүрүндө сакталган Си Си Кетч кийин кайра 2001-жылы эл алдына чыга баштайт. Бир канча атактуу музыкалык топтор менен бирге дүйнөлүк турнеге чыккан. Ал эми 2003-жылы 14 жылдык тыныгуудан кийин "Башыңды чайка" деген аталыштагы жаңы альбом жаратат. Ал эми 2004-жылдын 29-декабрында чыккан "Тынчтык" аттуу ыры хитке айланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан