3- Август 1876 -жылы Чоң-Алай жана Кичи-Алайды жердеген адигине жана мунгуш урууларына Фергана аскер губернатору, генерал-майор М.Д.Скобелев үч талап койгон
Чоң-Алай жана Кичи-Алайды жердеген адигине жана мунгуш уруулары 1876-жылдын июль айында орус бийлигине моюн сунган. Фергана аскер губернатору, генерал-майор М.Д.Скобелев ушул жылдын 3-августунда аларга төмөнкүдөй үч талап койгон: 1) 6 рубль көлөмдөгү бир жарым эселик зекет төлөө; 2) Талдык ашуусу аркылуу Гүлчөдөн Кызыл-Суу өрөөнүнө чейин таш жол салуу; 3) Аскер муктаждыгы үчүн 150 жылкы берүү.
Орус бийлиги койгон талап алайлык кыргыздар тарабынан толугу менен аткарылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан