23- Август 2011 -жылы
Эл аралык кулчулук соодасынын курмандыктарынын күнү
Бул күндү белгилөө демилгеси ЮНЕСКОнун Башкы конференциясында көрсөтүлүп, аталган уюмдун Аткаруу кеңешинин 150-сессиясында бекиткилген. ЮНЕСКО уюму БУУга кирген өлкөлөргө бул күнү ар түркүн ийримдерди өткөрүүнү сунуш кылган.
АКШнын мамлекеттик департаментинин адам сатуу жана кулчулук боюнча изилдөөсүнө ылайык, дүйнөдө 27 миллиондон ашык адам кулчулук курмандыгына айланган.Эл аралык миграция уюмунун эсептөөлөрүнө караганда, Кыргызстанда жылына 5 миңге жакын жаран ар кандай жол менен кулчулукка туш болот. Алардын ичинен эмгек кулчулугуна туш болгондор Орусия менен Казакстанга кетишсе, сексуалдык кулчулукка Түркия жана Араб Эмираттарына сатылган учурлар арбын.