Жамааттык коопсуздук келишиминин алкагында Кыргызстанда өтчү аскердик машыгуулар башталган. Аскер күчтөрүнүн сыноосуна Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Беларустун куралдуу күчтөрү катышып, анын жүрүшүнө Коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлери байкоо салган.