5- Август 2004 -жылы Аскар Акаев Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишимине кирген мамлекеттердин коргоо министрлери жана аталган уюмдун жооптуу катчысы Николай Бордюжа менен жолугушкан
Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген мамлекеттердин коргоо министрлери жана аталган уюмдун жооптуу катчысы Николай Бордюжа менен жолугушкан. Жолугушуу маалында Коопсуздук келишим уюму тарабынан уюштурулган уюмга мүчө өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн "Чек-2004" машыгуусуна жогору баа берилген. "Чек-2004" машыгуусу Балыкчы шаарынын жанындагы Мамыры гүлү тоосунда өтүп, аскерлер тоолуу шартта чабуул коюу жана коргонуу тактикасын келиштиришкен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан