Советтик жана орусиялык актриса Анна Самохина 48 жашында каза болгон. Дарыгерлердин айтуусунда, актриса ашказан рагынан улам дүйнө салган. Самохина өлөрүнөн 4 күн мурун Орусиянын Эмгек сиңирген артисти деген наамга ээ болгон. Анна Самохина "Мыйзамдагы ууру", "Дон Сезар де Базан", "Карышкырдын үйүрү", "Кара карга" жана башка тасмаларда мыкты ролдорду жараткан.