7- Август 1916 -жылы кыргыз элинин империялык бийликке каршы чыккан боштондук кыймылы күчүнө кирген
Кыргыз элинин империялык бийликке каршы чыккан боштондук кыймылы күчүнө кирген. Убактылуу өкмөттүн комиссары М.Бройдонун маалыматына караганда, кыймылдын башталышына "Кемин өрөөнүндөгү Новороссийка кыштагынын кыргыздары жергиликтүү орус дыйкандарын кырыптыр" деген кабарды беймаалым адамдын Токмок шаарына жеткириши себеп болгон.
Токмок шаарында жашаган орустар бул кабарды уккандан кийин кол топтоп куралданышып, Кеминге аттанышкан. Жолдо алар кезиккен кыргыздарды өлтүрүшүп, алардын айыл-кыштактарын талкалап жүрүп отурушкан. Орус отряды Новороссийка кыштагына келип, мындагы кыргыздардын бейкам эле талаада иштеп жүргөнүн көрүшкөн. Анткен менен орустардын кыргыздарды кыргандыгы туурасындагы кабар Түндүк Кыргызстанга тездик менен тарап, эми кыргыздар орус аскерлерине эле эмес, алардын айыл-кыштактарына кол сала башташкан. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан