8- Август 1916 -жылы
Империялык бийликке каршы козголгон кыргыздар Боом капчыгайында орус аскерлерине кол салышып, мылтыктарын тартып алышкан
Архивдик материалдарга караганда империялык бийликке каршы козголгон кыргыздар Боом капчыгайында орус аскерлерине кол салышып, мылтыктарын тартып алышкан. Курал-жарак ташыган унааны кайтарган эки жоокер шейит учуп, экөө качып, бири жаракат алгандыгы маалым болгон. Пишпек уездинин башчысы Ф.Г.Рымцевичтин рапортуна ылайык кыргыздардын колуна 200, кээ бирлеринин айтымында 500гө жакын мылтык, 550 ок түшкөн.