Орус эстрада ырчысы, композитор Нюша Москвада төрөлгөн. Нюшанын өз аты Анна Владимировна Шурочкина. Нюша алгач беш жашында студияда "Чоң аюунун ыры" аттуу ырды жаздырган. Музыкалдык билим алган эмес. 11 жашында "Гризли" тобунда ырдап баштаган. 14 жашында "Жылдыздар фабрикасы" сынагына жашы жетпей өтпөй калган. 2007-жылы "СТС супержылдызды жандырат" телевизиондук шоудо Бьянканын "Были танцы", Максим Фадеевдин "Танцы на стёклах", "Ранетки" тобунун "Тебя любила я", Фергинин "London bridge" ырларын аткарып жеңген.