11- Август 1933 -жылы
орусиялык геолог Д.Яковлев Сары-Жаз кырка тоосу менен Сталин жана Лежава чокулары жайгашкан аймакта көлөмдүү алтын кенин тапкандыгын кабарлаган
Москва Борбордук геологиялык-чалгындоо илимий изилдөө институтунун ага геологу Д.Яковлев Сары-Жаз кырка тоосу менен Сталин жана Лежава чокулары жайгашкан аймакта көлөмдүү алтын кенин тапкандыгын кабарлаган. Анын билдирүүсүнө ылайык, Хан-Теңири чокусуна жакын жайгашкан "Бүркүт" кенинде алтын, күмүш, кобальт жана башка баалуу темир заттары орун алган.