11- Август 1942 -жылы
немистик оккупанттар Ростов-на-Дону шаарынын 27 миң калкын өлтүрүшкөн
Немис оккупанттары Ростов-на-Дону шаарынын 27 миң калкын өлтүрүшкөн. Алардын көбү еврейлер болгон.
Экинчи дүйнөлүк согушта немис аскерлери Ростов-на-Дону шаарын эки жолу басышкан. Биринчисинде көпкө узабай еврейлерди жок кылууга жетишпей калышкан. Ал эми экинчи жолу 1942-жылы 24-июлда басып алышкан. 14 жаштан өткөн еврейлерди каттоодон өткөрүшүп, аларга атайын ажыратып билүү үчүн белгилерди коюшкан.
1942-жылы 5-6-августтарда советтик согуш туткундары чоң чуңкурларды казышкан соң атылышып ошол жерде көмүлүшкөн. 11-август күнү саат 08:00гө еврей жашоочуларын чогултуп, 200-300дөн чуңкурга ташып, чоңдорун атып, кичинекей балдардын оозуна уу сүйкөп өлтүрүшкөн.
1975-жылы 9-майда атуу болгон жерде нацизмге каршы мемориал коюлган.