13- Август 1916 -жылы Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшү маалында Пржевальск шаарындагы айыл чарба мектеби кыйраган
Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшү маалында Пржевальск шаарындагы айыл чарба мектеби кыйраган. Көтөрүлүшкө байланыштуу күбөгө тартылган И.А.Поцелуев мектептин кыйратылышына пржевальскилик интеллигенция өкүлдөрү менен карыган, чала керең генерал Корольков күнөөлүү деп айыптаган. Мектеп ойрондолуп, бул маалда казак орус отрядын жетектеген Овчинников Маринка айылын талкалап, үйлөрдү өрттөө менен алек болгон. Мектеп эртең менен саат 9-11 чамасында, тактап айтканда, Овчинников Маринка айылын өрттөп жаткан убакта талкаланган. “Эгер мектеп камкорчусу генерал Корольков Овчинниковдун отрядын мектепти коргоого алганга буйрук бергенде окуу жай аман калмак” деп көрсөтмө берген И.А.Поцелуев.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан