14- Август 1916 -жылы
көтөрүлүш чыгарган кыргыздар Токмок шаарын алуу максатында калаага тынымсыз чабуул коюп турушкан
Көтөрүлүш чыгарган кыргыздар Токмок шаарын алуу максатында калаага тынымсыз чабуул коюп турушкан. Ыктыярдуу адамдарды кошкондо 520 адам орустардын жазалоочу отряды 10 күн бою уланган кыргыздардын кысымына каршы күрөшкөн. Токмок шаарын алуу үчүн Ысык-Ата, Шамшы, Бурана, Тынай, Болот, Нурмамбет, Байсейит, Шамурсин, Кочкор, Абайылда, Жумгал жана Курманкожо болуштуктарынан катышкан. Болуштуктардан топтолгон адамдардын саны миңге чамалап, алар шаарды ээлеш үчүн болгон күчүн жумшашкан.