14- Август 1974 -жылы Фрунзеде “Айчүрөк” борбордук дүкөнү ачылган
Башкалаанын борборунда жайгашкан "Айчүрөк" универсал дүкөнү ачылган. Менчиктештирүү жаңыдан башталган 1992-жылдын 7-августунда "Айчүрөк борбордук универсал дүкөнү – ЦУМ" ачык акционердик коомуна айландырылган.
Аз өтпөй өкмөт өзүнө тийиштүү 26,22% акциясын 1998-жылдын 27-октябрында сатууга коюп, аны италиялык "Кэвитал" компаниясы утуп алган. Италиялык ишкер Жоржио Фиаккони универсал дүкөнгө 2,5 миллион доллар инвестиция алып келүү убадасын берген.
Италиялык ишкердин көзгө көрүнөрлүк жумушу "Айчүрөк борбордук универсал дүкөнүнө" кошуп 2003-жылы "ЦУМ – Холдинг", андан соң "ЦУМ- Арбат" жоопкерчилиги чектүү коом түзгөндүгү болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан