Немис конструктору жана ойлоп табуучусу, алгачкы мотоцикл менен Мерседес унаасынын жаратуучусу Вильгелм Майбах Германиянын Хайльбронн шаарында туулган. Ал "Mercedes", "Maybach" компанияларын негиздеп, "конструкторлор падышасы" деген атка конгон. Вильгелм Майбах 1929-жылы 29-декабрда 83 жашында Германиянын Штутгарт шаарында дүйнөдөн кайткан.