Кыргызстандын мурдагы премьер-министри жана мурдагы өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Игорь Чудинов Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ал орус улутунан премьерликке келгендердин төртүнчүсү жана эң жашы болгон. 2007-2009-жылдарда дүйнөнү каржылык кризис каптаганда, башкаруу тажрыйбасы аз болгонуна карабай өкмөттү башкарган “Сөзсүз кыргызча үйрөнөм” деген бул аткаминер жарыкты өчүрүү, Кумтөр жана "Гансиге" байланыштуу пайдалуу келишимдер менен эсте калган. 7-апрелден соң "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деп кармалып, кийин тил кат менен бошотулган.