19- Август 1960 -жылы
СССР космос тарыхында эң биринчи жолу ичинде тирүү жандыктары бар “Спутник-5” космостук кемесин учурган
Космос тарыхында эң биринчи жолу ичинде тирүү жандыктары бар “Спутник-5”
космостук кемесин СССР учурган. Жандыктардын чоңу Белка жана Стрелка аттуу
иттер болгон. Алардан бөлөк дагы эки келемиш жана бир нече чычкан бар болгон. Эксперименттин максаты - тирүү жандыктарга космостук шоолалардын таасирин жана ар кандай бакубаттык системинин натыйжалуулугун изилдөө болгон. Иттер үчүн кызыл жана жашыл түстө атайын кийимдер тигилген. Кеме Байконурдан саат 15:44тө учкан. Эртеси күнү жандыктар жерге ийгиликтүү түшүп, конференцияларга катышышкан.