19- Август 1944 -жылы
Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңеши орус акыны жана тамсилчиси Иван Крыловдун өлүмүнүн 100 жылдыгын белгилеш үчүн республикалык комиссия түзгөн
Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңеши айтылуу орус акыны жана тамсилчиси Иван Крыловдун өлүмүнүн 100 жылдыгын белгилеш үчүн республикалык комиссия түзгөн.
Комиссияны таанымал жазуучу К.Маликов жетектеп, анын курамына К.Баялинов, Н.Дубровский, Н.Прытков, А.Токомбаев, П.Шубин сыяктуу чыгармачыл адамдар кирген. Элдик комиссарлар кеңешинин көрсөтмөсүнө ылайык, комиссияга айтылуу тамсилчинин чыгармаларын калк арасына кеңири жайылтуу милдети жүктөлгөн.