20- Август 2012 -жылы Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы "Эчкилүү-Таш" бекетинде Балбай Кулбарак уулу аттуу чек арачы 5 адамды атып өлтүргөн
Бул күнү болжол менен түшкү саат 12:30 чамасында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБине Сары-Жаз жайлоосундагы малчылардан маалымат түшкөн. Алар Караколдон 150 чакырымдай алыс жайгашкан “Эчкилүү-Таш” чек ара тозотунда кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер АК-74 автоматы менен келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 4 жоокерди жана алардын биринин аялын атып өлтүрүп, качып кеткенин айтышкан. Ал эми үч чек арачыга малчылар жардам берип, бекитип калышкан. Анан уюлдук байланыш бар жерге жетип, милицияга кабар беришкен. "Кызматташтарын атты" деп шектелген чек арачы куралын алып, тозоттун командирине тийиштүү ВАЗ-2121 үлгүсүндөгү автоунаа менен качып кеткен. Беш адамды аткан жоокерди издөөгө байланыштуу Ысык-Көл облустук ИИБинин өздүк курамы түп көтөрүлө күчөтүлгөн режимге өтүп, бардык райондордо тосмо бекеттер коюлуп, коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. 
Бул факт боюнча Чек ара кызматынын Башкы штабы шашылыш чогулуш өткөрүп, абалды талкуулап, окуя болгон жерге Чек ара аскерлигинин Башкы штабынын төрагасынын орун басары, генерал-майор Рыскелди Мусаев баш болгон офицерлер тобу жөнөтүлгөн. Жоокер айдап качкан автоунаа ошол эле күнү кечке жуук чек ара тозотунан алыс эмес жерден табылган. Ал эми 21-август күнү качкан жоокерди издегени чыккан топ Кулбарак уулу Балбайды Ай-Таш капчыгайы тараптан тапкан. Чек ара аскерлери менен аймактык ИИБдин жана УКМКнын кызматкерлери биргеликте аны кармоо учурунда ал куралдуу каршылык көрсөткөн. Кылмышка шектүү чек арачыны тирүү кармоо мүмкүн болгон эмес, атышуу учурунда каза болгон.
Кулбарак уулу Балбай Жети-Өгүз районуна караштуу Ичке-Булуң айылында 1993-жылы туулуп, 2011-жылдын күзүндө аскерге чакырылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан