22- Август 1916 -жылы
Токмок шаарын 1916-жылкы көтөрүлүш маалында басып алууга аракет жасаган кыргыздар жеңилүүгө дуушар болушкан
Токмок шаарын 1916-жылкы көтөрүлүш маалында басып алууга аракет жасаган кыргыздар жеңилүүгө дуушар болушкан. 14-августта башталган чабуул бул күнү ийгиликсиз аяктаган. Шаарга бул күнү таңга маал подполковник Гейцигдин отряды кирип, бир саат аралыгында орус аскерлери позицияны толук ээлешип, чабуул койгон кыргыз колун артиллериянын күчү менен толук талкалаган.