Кыргызстандык аскер күчтөрү таң эрте Баткенден чыгарыла баштаган. Ушул эле күнү кечке жуук Өзбекстандын Ислам кыймылына караштуу 30 чамалуу согушчан Баткен районундагы Зардалы, Кожо-Ачкан кыштактарын басып киришкен. Алар Жылуу-Сууда орун алган геологдор шаарчасын ээлешип, төрт япон геологу, Ички иштер министрлигинин аскер командачысы, генерал Анарбек Шамкеевди туткунга алышкан.