23- Август 1875 -жылы Тынай бий уулу Атаке баатыр Сибирь Аскер полкунун начальниги генерал Н.Г.Огаревге кат жолдогон
Тынай бий уулу Атаке баатыр Сибирь Аскер полкунун начальниги генерал Н.Г.Огаревге кат жолдогон. Атаке баатыр адагенде чыгыш калктарына мүнөздүү келген мактоо эпитетти колдонуп, ак падышаны ай менен күнгө теңеп, ага кызмат кылган генералды бийлик тиреги катары баалайт. Андан кийин үч барс жана беш сүлөөсүндүн терисин тартуулагандыгын кабарлап, Атаке баатырдын ага деген урмат-сыйын билдириш үчүн Абдрахман менен Шергазыны жибергенин билдирет. Каттын арткы бетине тамчы шекил ичине "Тынай бий абу Атаке батур" деп араб графикасында жазылган мөөр басылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан