30- Август 2013 -жылыАдахан Мадумаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп дайындалган
Адахан Мадумаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп дайындалган.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши 2009-жылы түзүлгөн. Тили жана маданияты тектеш мамлекеттер саясий-экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бир уюмга биригишкен. Анын катчылыгы Стамбулда жайгашкан.