Орусиянын президентинин буйругу менен мамлекеттик “Культура” телеканалы негизделген. Ал Дмитрий Лихачев, Мстислав Ростропович сыяктуу илим жана искусство өкүлдөрүнүн демилгеси менен уюшулуп, биринчи редактору болуп Михаил Швыдкой дайындалган. Телеканалдын телеберүүлөрү 1997-жылдын 1-ноябрынан тартып көрсөтүлө баштаган.