Чүйдөгү кыргыздардын көтөрүлүшүнүн катышуучусу Дүйшөкө Мамыровдун маалымдоосуна караганда, Бурана жана Шамшы болуштуктарынын кыргыздары бул күнү Шамшы ашуусун ашып, Кочкор өрөөнүнө түшкөн. Ал жерде Кочкор суусунун боюна Темирбулак, Абайылда, Буланбай болуштуктарынын адамдары чогулуп жаткандыгы туурасында кабар тараган.