27- Август 1975 -жылы Коомдук жана мамлекеттик ишмер Эльвира Сариева төрөлгөн
Коомдук жана мамлекеттик ишмер Сариева Эльвира Кубанычбековна Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ново-Вознесеновка айылында туулган.
1998-жылы Бишкек гуманитардык университетинин англис жана америкалык адабият адистиги, 2002-жылы Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын менеджмент, бизнес жана экономика адистигин аяктап, 2010-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында билим алып келет.
Эмгек жолун 1996-жылы Тышкы иштер министрлигинде мамлекеттик протокол бөлүмүнүн ассистенти катары баштаган.
1998-2002-жылдары - КР “Internews Network” өкүлчүлүк редактору, өкүлчүлүк директорунун орун басары;
2002-2007-жылдары - "Интерньюс" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору;
2007-2009-жылдары - Кавказ, Ооганстан жана Борбор Азия боюнча координатор, Борбордук-Евразиялык лидерлик академиясы (CELA), уюштуруу жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча консультант;
2010-2012-жылдары - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрайымы;
2010-2014-жылдары - "ЦЕХ" лофтунун башкаруучусу;
2012-жылы - “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду, "Мекендештер" форумунун уюштуруу комитетинин жетекчиси;
2012-2014-жылдары - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Бишкек шаарынын стратегиясы боюнча комиссия төрайымы;
2014-жылдын 4-апрелинен 20-декабрга чейин - вице-премьер-министр.
Ал эми 2014-жылдын 20-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри болуп иштеген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан