28- Август 1938 -жылы
Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңешине караштуу Илим комитети айтылуу археолог А.Н.Бернштамдын археологиялык экспедициясын каржылоо туурасында чечим чыгарган
Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңешине караштуу Илим комитети айтылуу археолог А.Н.Бернштамдын археологиялык экспедициясын каржылоо туурасында чечим чыгарган. А.Н.Бернштамдын археологиялык экспедициясы орто кылымдагы Баласагун шаары жайгашкан Бурана тарыхый эстелигинде казуу иштерин жүргүзмөк. Илим комитети изилдөө иштер үчүн 20 миң рубль акча бөлгөн. Илим комитетинин ушул эле күнкү чечимине ылайык, Ысык-Көлдөгү айтылуу саякатчы Н.М.Пржевальскийдин эстелигин калыбына келтирүү иши үчүн 10 миң рубль акча каражат берилген.